Чоң жыйырмалыктын саммити кечээ аяктады

Дүйнөлүк лидерлер өз өлкөлөрүнө кайтып кетишти.

366607
Чоң жыйырмалыктын саммити кечээ аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Антальядагы Чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин Анкарага кайтып келди.
Түркия кезектешкен төрагалык кызматын жүргүзүп жаткан Чоң жыйырмалыктын саммити кечээ аяктады.
Эки күнгө созулган саммиттен кийин Чоң жыйырмалыктын лидерлери Антальядан өз өлкөлөрүнө кайтып кетишти.
Президент Эрдоган да дүйнөлүк лидерлер менен өткөргөн эки тараптуу жолугушуулардан кийин Анкарага кайтып келди.
Эрдоган Антальядан кайтаар алдында Чоң жыйырмалыктын саммити үчүн маңдай терин төккөн кызматкерлер менен эстеликке сүрөткө түштү.
Эрдоган фотосүрөттөрдү Твиттерден бөлүшүп, саммитин ийгиликтүү өтүшүнө көмөк көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылыгын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар