Чоң жыйырмалык

Чоң жыйырмалык (G-20) саммити  Антальяда өтөт.

365419
Чоң жыйырмалык

Чоң жыйырмалыкка саналуу күндөр калды. “G20 2015 Türkiye” 15-16-ноябрь күндөрүндө Антальянын Белек районунда өтөт.Бүткүл дүйнө Түркияга үңүлдү. Даярдыктар бүткөн Антальяда коопсуздук чара көрүүлөрү эң жогорку деңгээлге чыгарылып, шаарда куш учурбайт.
Жылдык 25 миллион жүргүнчү учураган Анталья аэропортунда G-20 саммити үчүн 60 учактык, күнүмдүк коноктор үчүн да 34 учактык парк аянты салынды. Аккредитациядан өткөн 2 миңден ашуун журналисттин көпчүлүгү Антальяга келди.
Саммитте колдонуу үчүн арасында кымбат баалуу унаалар да болгон бардыгы 5 миңден ашуун унаа ижарага алынды.
Анда глобалдык экономикага жана саясатка багыт берген лидерлер жолугуша турган G-20 деген эмне? Саммитке кимдер келет? G-20да эмнелер сүйлөшүлөт? Саммитте Түркиянын алдыга койгон пландары эмне? Анда G-20ны түшүндүрүүгө аракет кылалы:
Чоң жыйырмалык деген эмне?
Англисче «Group of 20» термининин кыскачасы болгон G-20, дүйнөнүн эң өнүккөн жана өнөр жайлашкан экономикасына ээ болгон 19 өлкө менен Европа Биримдигинен турат. Чечимдер лидерлердин сүйлөшүп макулдашуулары менен чыгарылат. G-20 өлкөлөрү дүйнөлүк экономиканын 85 пайызын түзүп, дүйнөлүк сооданын 75 пайызын аткарат. Саммит жылда бир жолу кезектешкен төрагалыкты милдеттенген өлкөдө өтөт. Белек жолугушуусу саммиттин 10-жыйыны болуп эсептелет.
Кимдер мүчө?
Түркия, АКШ, Англия, Орусия, Япония, Канада, Германия, Франция, Италия, Австралия, Бразилия, Аргентина, Индия, Кытай, Индонезия, Мексика, Сауд Арабиясы, Түштүк Африка, Түштүк Корея жана ЕБ Комиссиясы менен ЕБ Кеңешинин мүчөлөрү.
Катышуучулар жеке эле мамлекеттерби?
Жок. IMF, Дүйнөлүк банк, OECD, Дүйнөлүк Соода Уюму, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу мекемелер да жыйналыштарга катышат.
Жыйналышты өткөрүү Түркияга кандай пайда алып келди?
Түркиянын глобалдык экономика базарларында урунттуулугун маанилүү өлчөмдө жогорулатты. Саммит Түркиянын өз пиркирлерин түшүндүрүшү жагынан маанилүү платформа болуп эсептелет.
Антальядагы Чоң жыйырмалыкка кимдер катышууда?
Саммитке АКШнын президенти Барак Обама, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Сциньпин да арасында орун алган көп сандаган мүчө өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышат. Түркия быйыл саммитке Азербайжанды, ASEANдын кезектешкен төрагасы Малайзияны, NEPADды өкүлдүк кылган Сенегалды,Сингапурду, Испания жана 2015 Африка Биримдиги төрагасы Зимбабвени чакырды.
Лидерлер Чоң жыйырмалыкта эмнелерди сүйлөшөт?
1999-жылы курулган Чоң жыйырмалыктын алгачкы саммиттеринде дагы көп эл аралык финансылык туруктуулуктун арттырылышына карай пикирлер айтылып жана иштер жасалчу. Ал эми акыркы жылдардагы саммиттерде жалгыз гана финансылык маселелер эмес, глобалдык террордон тартып климат өзгөрүшүнө жана туруктуу өнүгүүгө чейин дүйнөнү кызыктырган маанилүү саясий жана коомдук маселелер да сүйлөшүлө баштады.
Антальядагы саммитте да өзгөчө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө , акыркы убакта бүткүл дүйнөнүн алдыңкы маселелеринин арасына кошулган баш калкалоочу кризиси жана ДЕАШ террорунун басымдуу каралышы күтүлүүдө. Дүйнөнүн эң чоң 20 экономикасынын лидерлерин жолугуштура турган Чоң жыйырмалык саммитинде өсүү, инвестициялар, соода, жумуш менен камсыздоо жана атаандаштык темаларынын астында, реформалар жана глобалдык рецессиядан чыгууга карай стратегиялар каралат. Саммитте айрыкча БУУнун 2015-жылдагы Башкы Ассамблеясында каралган «Турктуу өнүгүү максаттары-2030 перспективасынын» алкагында таштала турган кадамдардын да сүйлөшүлүшү күтүлүүдө. Дүйнөлүк лидерлердин күн тартибинде эл аралык ири фирмалар да кошулган салыктан качуу менен күрөшүүнүн алкагында жаңы иш-аракет планынын бекитилиши да орун алууда.
Түркиянын алдыңкы пландары кайсылар?
Саммитте Түркия, өзгөчө Сириядагы абал, сириялык баш калкалоочулар жана террор менен күрөшүү темаларын күн тартипке алып чыгууну каалайт. Президент Эрдогандын сунушу менен өзгөчө саммиттин алгачкы күнүнүн кечинде бериле турган иш тамагында террор жана баш калкалоочу кризиси каралат. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери берген маалыматка караганда Түркия; Сириядагы ыраатсыздыктын жана төгүлгөн кандын жалгыз эле Сирияда жашагандарга же айланасындагы өлкөлөргө эмес, баш калкалоочу кризисинин себебинен Европа өлкөлөрү менен катар аймактагы бүткүл өлкөлөргө терс таасирин тийгизе турганына көңүл бурат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар