Эрдоган телеконференцияга катышты

Эрдоган БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун жетекчилигинде өткөрүлгөн «Климаттык алмашуу» тема болгон телеконференцияга Стамбулдан катышты

364182
Эрдоган телеконференцияга катышты

Президент Р. Т. Эрдоган адамзат жашап жаткан негизги маселелердин бири климаттык алмашуу тууралуу Түркиянын өзүнө түшкөн милдетти аткаруу үчүн аракет кылганын айтты.
30 - ноябрда Парижде БУУнун климаттык алмашуу боюнча алкактык келишиминин 21 - тараптар конференциясы өткөрүлөт.
Жаңы климаттык келишими сүйлөшүлө турган жыйындан мурда президент Эрдоган БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун жетекчилигинде өткөрүлгөн «Климаттык алмашуу» тема болгон телеконференцияга Стамбулдан катышты. Эрдоган сөзүндө климаттык алмашуу боюнча 2020 - жыkдан кийинкиси тууралуу бир системанын түзүлүшүнө карата иштердин аткарылуусунун маанилүү экенин белгиледи.
Чоң жыйырмалар Анталья саммитинин өткөрүлөрүн эске салган президент Эрдоган саммиттен күтүүлөрүнүн абдан чоң экенин белгилеп: « Чоң жыйырмалар өлкөсү катары Антальядан Парижге күчтүү жана структуралык белгинин берилишинде бирдей пикирдебиз. Ушул алкакта кезектешкен башкаруучу катары чоң жыйырма өлкөлөрү менен бирдикте иштериибизди улантуудабыз. Муну менен бирге чоң жыйырмалардын БУУнун климаттык алмашуунун алкактык келишими астында сүйлөшүү процессинин ордун албай турганын жана албашы керектиги боюнча бирдей көз караш бар. Сүйлөшүү учурунда кыйынчылык туудурган жагдайларды ашып өтүү жактан жол көрсөтүүчү боло аларын ойлоп жатабыз»,- деди.
Пан Ги Мундун жетекчилигиндеги телеконференцияга Франциянын президенти Франсау Олланд, Перунун мамлкет башчысы Олланта Хумала, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Мальтанын премьер – министри Жосеф Мускат да катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар