Түркиянын баш калкалоочуларды токтотууга күчү жетет

Түркия менен жакын кызматташтык түзүлүүсү керек.

363393
Түркиянын баш калкалоочуларды токтотууга күчү жетет


Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курц Түркия менен баш калкалоочулар маселеси темасында жакын кызматташтык түзүлүүсү керектигин айтты.
Курц Германияда басылып чыккан «Франкфуртер альгемайне» гезитине баш калкалоочулар маселеси тууралуу маек куруп берди.
«Түркиянын Европа Биримдиги өлкөлөрүнө барууга аракет кылган баш калкалоочуларды токтотууга күчү жетет»- деген Курц, Түркия менен кызматташуунун маанисин баса белгиледи.
Австриянын тышкы иштер министри бул теманын финансылык жардамдан да маанилүү экенин баяндап, Анкаранын виза эркиндиги жана Европа Биримдигине мүчөлүк талаптарын эске салды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар