Чоң жыйырмалыктын саммитине саналуу күндөр калды
Антальяда өтө турган саммитте көптөгөн тема талкууланат.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде 15-16-ноябрда Антальянын Белек районунда өткөрүлө турган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити үчүн саналуу күндөр калды.
Дүйнөдөгү калктын 66 пайызын өкүлдүк кылган эң чоң платформа болгон Чоң жыйырмалыкта, 19 өлкө жана Европа Биримдиги комиссиясынын лидерлери тосулуп алынат.
Саммит Сириядагы абадан операциялардан кийин АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путинди да жолугуштурат.
Лидерлер тегерек үстөлдө климаттык өзгөрүүдөн дүйнөлүк экономикага чейин, İMF реформасынан энергетикага чейин дүйнөлүк экономикага багыт берген көптөгөн теманы талкуулашат.
Саммиттин эң маанилүү темалары болсо терроризмге каршы күрөшүү жана баш калкалоочулар маселеси болмокчу.
Белектеги саммит үчүн аймактагы 5 жылдыздуу 46 отел Чоң жыйырмалыктын делегацияларына даярдалды.
Дүйнөлүк лидерлерди тосуп ала турган Антальяда коопсуздук чара көрүүлөрү аэропорттордо башталат.
Белектеги саммит убагында полициялар жана жандармерия кызматкерлери да кызмат кылмакчы. Антальянын Коопсуздук директорлугуна караштуу 6 миң полиция менен катар ар башка областтардан да кошумча топтор келет.
Ошондой эле саммит аяктаганга чейин Белекке туристтер кабыл алынбыйт.
Жыйындар өткөрүлө турган отелдерде кызмат кыла турган кызматкерлердин коопсуздук текшерүүлөрү болсо аяктады.
Тектеш кабарлар
Министр Гүлер ливиялык командирди кабыл алды
Баш калаа Анкарадагы жолугушууда, Ливия менен аскердик билим берүү жана кеңешүү жараяны каралды.