ТИКА Түштүк Африкага жардам берүүнү улантууда

Нурул Хамидийе мечити бир жылдын ичинде бүткөрүлдү

360708
ТИКА Түштүк Африкага жардам берүүнү улантууда

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармалыгы ТИКА жээктеги шаар Кейптаунда Нурул Хамидийе мечити менен осмондук крикет клубунун оңдоо иштерин аяктады.
ТИКА Намбия координатору Жунейт Эсмер 1880 - жылдарда курулган Нурул Хамидийе мечитин бир жылдын ичинде оңдоп бүтүрүшкөндөрүн айтты.
Осмондук крикет клубунун бардык кысымдарга карабастан ушул күнгө чейин «Осмондук» деген атын сактап келгенин белгилеген ТИКА Намбия координатору Эсмер клубдун муктаждыктарын жана оңдоо иштерин кыска убакытта бүтүрүп кызматка ачышкандарын айтты.
1882 - жылы курулган Осмондук крикет клубу Түштүк Африканын эң эски крикет клубу катары көрсөтүлүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар