ТРТнын жаңы долбоорлору АБУнун мүчөлөрүн кызыктырууда

Азия-Тынч океан берүүлөр биримдигинин (АБУ) Башкы ассамблеясы Стамбулда өтүүдө.

359704
ТРТнын жаңы долбоорлору АБУнун мүчөлөрүн кызыктырууда

Стамбул шаарында Азия-Тынч океан берүүлөр биримдигинин 52- башкы ассамблеясы өтүүдө. ТРТде өтүп жаткан жыйналышта, ТРТнын жаңы теледолбоорлорун ишке ашыруусу көңүл чордонунда. Бул максатта биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы берүүлөрдүн өз ара кызматташтыгын бекемдөө мерчемделүүдө.
ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, ассамблеяда теледолбоорлорду биргелешип ишке ашыруу тууралуу сөз кылды. Ал ошондой эле 27-октбярда Түкмөнстанда эгемемендик күнүн белгилегенин эске салып, бул өлкө менен биргелешип көп бөлүмдүү тасма тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Гөка: «Албетте, бүтүдөй Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн орток маданияты, тарыхы бир. Биригип иш алып барсак, максатыбызды ишке ашыра алабыз»,-деди. Азия-Тынч океан берүүлөр биримдигине мүчө 68 өлкөдөн келген өкүлдөр, ассамблеяда мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу пикирлерин билдири.
Башкы директордун орун басары Эркан Дурду,сапатты башкаруу боюнча семинарга катышып, технология тармагы жактан билим сапаты тууралуу өз оюн бөлүштү. Ал: «Сапат бир гана технология менен бүтпөйт, адамдын жеке билиминин деңгээлинен дагы көз каранды»,-деди. Эске сала кетсек, Стамбул шаарында Азия-Тынч океан берүүлөр биримдигин 52- башкы ассамблеясы 31-откябрда жыйынтыкталат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар