Түркия өзүнүн согуштук учагын өндүрөт

Учактын ошол күнкү ракета, бута жана радар системаларына жараша жабдуулары ылайыкташтырылат.

400809
Түркия өзүнүн согуштук учагын өндүрөт

Улуттук автомобилден кийин улуттук учактын да концепциясы белгилүү болду.
Эки жылдан бери башында үч концепциянын үстүндө иштеп жаткан Түркиянын авиация өнөр жайы (TAİ) жана Аба күчтөрү, дагы алыс аралыкка учуучу жана дагы көп курал жүктөп уча алган кош моторлуу учакты өндүрүүгө чечим чыгарды.
«FX-1» уагы үчүн 2013 жана 2023-жылдар аралыгында системаны өнүктүрүү бүтүрүлөт. Бул жылдар аралыгында концепцияга чечим чыгарылат жана 2023-жылга чейин технологиялык өнүгүү камсыздалат. Учактын 2023-жылы алгач ирет Түркиянын көк асманында учушу пландалууда.
Түркиянын авиация өнөр жайынын өнүктүрүү этаптарына карата жасаган пландоолору боюнча «FX-1» алгач ирет учкандан кийин эки жылдык мөөнөттө б.а. 2025-жылга чейин сыноо баскычтарынан өтөт.
Учактын ушул мөөнөттүн ичинде маневр жөндөмдүүлүктөрүнө жана ошол күнкү ракета, бута жана радар системаларына жараша жабдуулары ылайыкташтырылат.
Учактын радар жана курал бута системаларынын да толугу менен жергиликтүү болушу пландалууда.
Улуттук согуштук учактын сыноо баскычынан өтүшүнөн кийин 2025-2035-жылдар аралыгында топтуу түрдө өндүрүлүүсү башталат.
Он жылдык мөөнөт Түркиянын авиация өнөр жайынын пландоолорунда өндүрүү жана инвентарга кирүү катары пландалды. Топтуу түрдө өндүрүүгө өткөн учактын андан кийинки жылдарда 30 жылдык мөөнөттө кыймыл жана колдоо жагынан күчтөндүрүлүшү күтүлүүдө.
Түркиянын келээрки 10 жылдагы маанилүү авиациялык долбоорлорунан бири «Улуттук согуштук учак» болот. Бул учактын Аба күчтөрү тарабынан 1988-жылдан бери колдонулган «F-16» учактарынын ордун ээлеши пландалууда.
Радарга кармалбай турган учактын долбоорунда ушул себептен куралдардын борттун ичинде ташылышы тандалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар