Парламенттик шайлоо үчүн добуш берүү процесси аяктады

Чек ара бекеттеринде болсо добуш берүү процесси 1-ноябрь жекшемби күнү саат 17.00ге чейин уланат.

400217
Парламенттик шайлоо үчүн добуш берүү процесси аяктады

Түркияда 1-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо үчүн Европадагы шайлоочулардын 8-октябрда башталган добуш берүү процесси аяктады.
Чет өлкөдөгү жалпы 2 миллион 895 миң 885 шайлоочудан 1 миллион 76 миңи шайлоо участкаларына барды.
Эң көп шайлоочулар катталган Германияда 650 миңдей шайлоочу өз добушун берди.
Чет өлкөдөгү 54 өкүлчүлүктө 113 шайлоо участкасында добуш берген түрк жарандарынын добуштары дипломатиялык курьерлер менен Түркияга алынып келинет.
Чек ара бекеттеринде болсо добуш берүү процесси 1-ноябрь жекшемби күнү саат 17.00ге чейин уланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар