Террор менен күрөшүү Президенттикте сүйлөшүлдү

Эрдоган Чыгыш жана Түштүк Чыгыштагы 16 облустан келген 61 даанышман адамдар менен жолукту.

395173
Террор менен күрөшүү Президенттикте сүйлөшүлдү

Террор менен күрөшүү Президенттик комплексинде каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Чыгыш жана Түштүк Чыгыштагы 16 облустан келген 61 даанышман адам менен жолукту.
Эрдоган кабыл алуу учурунда конокторго кайрылып террор менен күрөшүү темасынан баштап аймактын маселелерине чейин токтолду.
ПКК террор уюмунун кол салууларынын себебинен Түштүк Чыгыш Анадолу аймагына инвесторлор бара албаганын баса белгилеген президент Эрдоган: «Аймак калкы террор уюму ПККдан буга жооп берүүсүн сурашы керек жана уюмду жалгыз калтырышы зарыл»-деди.
Президент Эрдоган даанышман адамдар менен өз алдынча да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жыйналышка ички иштер министри Селами Алтынок, мамлекеттик тартип жана коопсуздугу кеңешчиси Мухаммед Дервишоглу да катышты.
Басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу орто эсеп менен 11 саатка созулду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар