Президент Эрдоган Меркель менен «качкындар» маселесин сүйлөштү

Эрдоган Меркелди Йылдыз сарайында тосуп алды

355661
Президент Эрдоган Меркель менен «качкындар» маселесин сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган расмий сапар менен Түркияга келген Греманиянын канцлери Ангела Меркелди Йылдыз сарайында тосуп алды.
Эрдоган Меркель менен жолугушкандан кийин берген маалыматында Түркия жана Европа Биримдигинин ортосундагы темалар тууралуу иштерге баа беришкендерин белгилеп : «Германиянын, Франциянын, Англиянын, Испаниянын бул тууралуу колдоосун өзгөчө сурандым»,- деди. Эрдоган жана канцлер Меркель биргелеше пресс жыйын өткөрүштү. Президент Эрдоган террорго каршы күрөшүү боюнча жоопкерчиликтеринин улантылып жатканын белгилеп : «Негизги темаларыбыздын бирөөсү качкындардын азыркы учурда керек болсо Түркиядагы абалы керек болсо батышка карай багыт алуусу. Түркиянын бул тууралуу өзүнө алган жүктү алар да билишет жана «Түркияга жардам берүүбүз керек деди»,- деп билдирди.
Эрдоган жолугушууда террордук уюмдарга каршы биргелеше кыймыл кылуу керектиги боюнча да токтолушкандарын айтты.
Германиянын канцлери Меркель да Түркиянын ушул күнгө чейин 2 миллиондон ашуун качкынды кабыл алып абдан кыйын милдетти моюнга алганын билишкендерин белгилеп : «Качкын кыймылынын күч алышы мүмкүн экенин жана Түркия аркылуу Европа Биримдигине келерин көрүп жатабыз. Түркиянын жүгүн бирдикте көтөрүүбүз керек»,- деди. Меркель Эрдоган менен кийинки сүйлөшүүлөрүнүн ноябрь айында Антальядагы чоң жыйырмалар саммитинде болорун айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар