Түркия-Орусия алакалары

Орусия Сириядагы күрттөргө курал-жарак жеткирбегендигин билдирди.

393102
Түркия-Орусия алакалары

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов өлкөсүнүн сириялык күрттөргө курал жеткирбегендигин жарыялады.
Түркия, АКШ жана Орусиянын элчилерин Тышкы иштер министрлигине чакыртып ЙПГга курал жардамын бербөө темасында эскертүүсүнөн кийин, Москвадан ачыктоо жасалды.
Москвада Орусия-Түркия карым-катнаштарына байланыштуу өткөрүлгөн бир конференциянын алкагында сөз сүйлөгөн Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов, Орусиянын Сириядагы күрттөргө курал жеткирбегендигин айтты.
Түркиянын Орусияга ДЕАШ менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүүсүн да күткөндөрүн белгилеген Богданов, «Түркия менен бардык тема боюнча иштөөгө даярбыз. Жакынкы убакта тышкы иштер министрлерибиздин ортосунда Сирия жана башка темаларга токтоло турган жолугушууларыбыз болот»-деди.
Бир тараптан Орусиянын учактарынын Түркиянын аба мейкиндигине кирип кетишине байланыштуу Орусиянын армиясынан бир делегация Анкарага келди.
Аба күчтөрү командиринин орун басары генерал-майор Сергей Драгунов жетектеген делегация Башкы штабда жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууда Түркиянын аба мейкиндигин бузуп кирүүлөрлөрүнүн себептерин тактоо жана булардын кайталанбоосу максаты менен көрүлгөн чаралар темасында маалымат алмашты.
3-4-октябрь күндөрүндө Сириядагы Орусиянын согуштук учактары, уруксатсыз түрдө Түркия аба мейкиндигине кирди жана бул абал эки өлкөнүн ортосунда чыңалууга себепчи болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар