Жалган армян геноциди жөнүндө чечим

Европанын адам укуктары соту Армян дооматтарынын четке кагылышынын кылмыш болуп эсептелбеши боюнча чечим чыгарды.

392994
Жалган армян геноциди жөнүндө чечим

Европанын адам укуктары соту 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарынын четке кагылышынын кылмыш болуп эсептелбеши боюнча чечим чыгарды.
7 каршы 10 макул добушу менен кабыл алынган чечим акыркы чыккан чечим болуп саналат.
Доо, Швейцарияда 2005-жылы болгон «1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарына» тийиштүү сөз сүйлөөлөрдүн себебинен жаза алган Ватан партиясынын жетекчиси Догу Перинчек тарабынан 2008-жылы Европанын адам укуктары сотуна алып барылган.
Перинчектин бул доону 2013-жылы утуп алганы боюнча, Швейцария өкмөтү Европанын адам укуктары сотуна апелляция кайрылуусун жасаган.
Европанын адам укуктары сотунун чоң штабы доо тууралуу бүгүнкү сотто, Перинчектин, «Армян геноциди империалисттик жалган болуп саналат» деген сөздөрүнүн себебинен жаза алышынын, сөз эркиндигин бузган болоорун тастыктады.
Европанын адам укуктары сотунун бул «акыркы чечими» Европадагы сөз эркиндиги жагынан да негиз кылынып алынат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар