Давутоглу АКШнын ПЙДга жардам берүүсүнө каршы чыкты

Давутоглу ПЙДга берилген куралдар Түркияга багытталса аларды да ата тургандарын билдирди.

392387
Давутоглу АКШнын ПЙДга жардам берүүсүнө каршы чыкты

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Америка бийлигинин террор уюму ПЙДга курал жардамын берүүсүнө катуу каршылык көрсөтүп, бул куралдардын Түркияга багытталган учурунда ПЙДнын да атыла турганын айтты.
Өкмөт башчы бири-биринен айырмаланбаган ПКК жана ПЙДга жардам берилүүсү, Түркияга каршы жасалган болоорун айтты.
Давутоглу журналисттердин Анкара өкүлдөрү менен жолугушуу жыйналышында күн тартип боюнча маанилүү ачыктоолорду жасады.
Давутоглу: «ПЙДга берилген жардамдын Иракта колдонулганын, Түркияга киргенин билип калсак ПККга кылган мамилени ПЙДга да көрсөтөбүз, жайгашкан жеринде талкалап жок кылабыз. Эч ким биздин кечирүүбүздү күтпөсүн. Куралдар Түркиянын ичине киргизилип, аскерлерге, коопсуздук кызматкерлерге зыян тийгизгидей өзгөчөлүктө боло албайт. Муну АКШга дагы, Орусияга дагы билдирдик. Бул улуттук коопсуздук маселеси болуп саналат. Кандай каршы турганыбызды 23-июль түнү ДЕАШ жана ПКК буталарына жасаган операцияларда көрсөттүк».
Премьер-министр Ахмет Давутоглу террор уюму ПККнын кыймыл кылбоо боюнча жарыясы туурасында болсо, «Бир гана куралдардын ташталышы сүйлөшүлүшү мүмкүн»-деди.
Анкарада ишемби күнү болгон террор кол салуусуна да токтолгон өкмөт башчы, кылмышкерлердин кармалышына карай аракеттер уланып жатканын, уюмдардын ортосундагы кызматташуулар иликтенип жатканын айтты.
Давутоглу кол салуунун белгисиз болуп калбай турганын, бул кыргынды ким кылса дагы белгилене турганын билдирди.
Кол салуунун Түркияга багытталганын баса белгилеген өкмөт башчы, «Бүтүндөй элди жана демократияны бутага алды»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар