Ирактын түндүгүнө Түркия операция жүргүздү

Сирия тарабынан түрк реактивдерине тийишүү болгону жарыяланды.

391213
Ирактын түндүгүнө Түркия операция жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү Түндүк Иракка абадан операция жүргүзгөнүн, айрыкча Сирия тарабынан түрк реактивдерине тийишүү болгонун жарыялады.
Буга караганда Ирактын түндүгүндеги Метина жана Зап аймактарында абадан операция жүргүзүлүп бөлүүчү террор уюмуна мүчө террористтер тарабынан колдонулганы белгиленген үч башка жашырынуучу аянтта 35, Диярбакырдын Лиже районунда болсо 14 бөлүүчү террор уюмунун мүчөсү өлтүрүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясында интернет барагынан жасалган ачыктоо мындай: «Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Зап аймактарында бөлүүчү террор уюмуна мүчө террористтер тарабынан колдонулганы белгиленген үч башка жашырынуучу аянттагы жайлар жана курал сактоочу жайлары абадан операция жүргүзүлүп жок кылынды.
Түрк куралдуу күчтөрү айрыкча кечээ түрк реактивдерине Сирия тарабынан тийишүү болгонун жарыялады.
12 даана F-16 менен Түркия-Сирия чек ара сызыгын бойлой күзөт учуусу аткарылды. Бул учуулар убагында үч даана F-16 учагыбызга, Сирияга жайгашкан SA ракеталык системалары тарабынан эки мүнөт, Сирияга таандык SU-22 жана SU-24 учактары тарабынан болсо 35 секунд болуп бардыгы 2 мүнөт 35 секунд радар кезөө болгону белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар