Чет өлкөдөгү шайлоочулар өз добуштарын бере баштады

Добуш берүү процесси 25-октябрга чейин уланат.

390109
Чет өлкөдөгү шайлоочулар өз добуштарын бере баштады

1-ноябрдагы парламенттик шайлоо үчүн чет өлкөдө добуш берүү процесси кечээ башталды.
Жалпы 54 өлкөдө ачыла турган шайлоо участкаларында 2 миллион 895 миң 885 шайлоочу катталды.
Добуш берүү процесси кечээ Германия, Австрия, Бельгия, Дания, Франция, Швейцария жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында башталды жана 25-октябрга чейин уланат.
Түрк жарандары Австралияда 16-25-октябрь, АКШда 17-25-октябрь, Норвегияда 19-25-октябрь, Нидерландияда 21-25-октябрь, Англия жана Румынияда 22-25-октябрь күндөрүнүн аралыгында өз добуштарын бере алышат.
Германияда 13, АКШда 7, Францияда 6, Кытай Эл Республикасы менен Грецияда 4 өкүлчүлүктө добуш берилет.
Чет өлкөдөгү түрк жарандары Жогорку шайлоо кеңешинин www.ysk.gov.trt интернет адресинен же +904449975 номерине чалып 7 күн 24 саат маалымат ала алышат.
Бир тараптан чет өлкөдө жашаган шайлоочулар үчүн чек ара бекеттери жана аэропорттордо да добуш берүү процесси башталды.
Чет өлкөдө жашаган шайлоочулар үчүн Капыкуле, Ипсала жана Дерекөй чек ара көзөмөлдөрүндө үкөктөр жайгаштырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар