Эрдогандын Бельгиядагы кайрылуусу

Эрдоган Түркияда баш калкалаган сириялык жана ирактыктарга каржыланган акча каражаты 7,5 миллиард долларга жеткенин айтты.

349823
Эрдогандын Бельгиядагы кайрылуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган адилеттиктин курулушу үчүн жүргүзүлүп жаткан күрөштүн мындан кийин да барган сайын өлкө ичинде, керек болсо дүйнөнүн бардык жеринде ошондой эле чечкиндүүлүк менен улана турганын айтты.
Эрдоган Белгиянын борбор шаары Брюсселдеги «Стефание» аянтында Европалык түрк демократтар биримдиги тарабынан уюштурулган «Биримдик, бейпилдик, кечиримдүүлүк, тынчтык жолугушуусу» иш-чарасына катышты.
Түркияда 2 миллион сириялык жана ирактык баш калкалоочу бар экенин сөз кылган президент Эрдоган, Европанын жылпысында 250 миңдей баш калкалоочу бар экенин айтты. Эрдоган баш калкалоочуларга каржыланган акча каражатынын 7,5 миллиард долларга жеткенин, дүйнөдөн келген колдоонун болсо 419 миллион гана болгонун белгилеп; «Кайда калды адам укуктары декларациясы»-деди.
Эрдоган Бельгиядан мурда барган Франциянын Страсбург шаарында «Миллиондогон дем, террорго каршы бир үн менен» аттуу митингге катышты.
Эрдоган ал жердеги сөзүндө, «Улутубуздун ичине бөлүүчүлүк киргизилишине уруксат бербейбиз»-деди.
Миң жылдык туугандыкты баса белгилеген Эрдоган, биримдик жана туугандык маалыматын берген сөзүндө «Жүрөктөрүбүз тобу менен согуп жатат. Тобу менен согуусун да улантат. Улутубузга атылган октун биримдигибизге, туугандыгыбызга атылганын билебиз. Биз бул оюнду бузабыз»-деди.
Түркиянын үстүндө эч ким операция кыла албай турганын баса белгилеген Эрдоган: «Биз бул өлкөнү каракчылардан алган жокпуз жана каракчыларга да таштабайбыз»-деп айтты.
Батыш дүйнөсүнө террорго каршы бирге күрөшүү чакырыгын салган Эрдоган: «Чогуу күрөш жүргүзсөк жалгыз эле дагы коопсуз Түркия эмес, дагы коопсуз Европага, дагы коопсуз дүйнөгө жете алабыз»-деди.
Террор уюмдарына «чаян» деген мүнөздөмө берген президент, мындай түрдөгү уюмдардын акыры барып аларды көтөрмөлөгөндөрдү, колдогондорду жана колдонгондорду чакканын айтты.
Баш калкалоочу кризисине да токтолгон президент Эрдоган европалык лидерлерге да кайрылып: «Эй Европа, адам укуктары декларациясында ушундай нерсе жокпу? Эч окуган жоксунарбы? Улуттук дүң продукцияңыздын көп болушу бул маселени чечпейт. Эмне үчүн бул адамдарды өлүмгө таштап жатасынар? Биз бул карапайым адамдарды үйүбүздө конок кылууну алантабыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар