520 миллион евролук өнөктөштүк
Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда транспорт үчүн 520 миллион евролук өнөктөштүк
386947
Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлиги тарабынан «Улантууга боло турган трнаспорт үчүн Түркия – Европа Биримдиги өнөктөштүгүнүн» негизинде 85 пайызы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган, жалпы 520 миллион евролук программа ишке ашырылат. Сөзү болгон өнөктөштүктүн негизинде 8 – 9 – окятбрда Стамбулда бир семинар өткөрүлөт.
Семинарды транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Феридун Билгин аткарат. Түркиянын Европа Биримдигинин бир гана транспорт тармагына интеграциясынын жеңилдетилүүсү үчүн чечүүчү жолдор сунушталат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.