Ахмет Давутоглу Курман айт майрамында Диярбакырда

Ахмет Давутоглу намаздан кийин диярбакырлыктар менен майрамдашты

353516
Ахмет Давутоглу Курман айт майрамында Диярбакырда

Түнкү сааттарда Коньядан Диярбакырга барган Давутоглу майрам намазын уулу Мехмет менен бирге Улу мечитинде окуду. Ахмет Давутоглу намаздан кийин диярбакырлыктар менен майрамдашты.
*** Премьер – министр намаздан кийин берген маалыматында биримдикти баса белгилеп : « Кылымдардан бери бир текбир менен майрамды белгиледи жана бул улуттун калкы кыяматка чейин да бирдикте майрамды белгилейт»,- деди.
*** Арапа күнүн Коньяда өткөргөнүн, Мевлана музейин кыдыргандан кийин Диярбакырга келгенин айткан Давутоглу : « Арапа кандайча майрамдан бөлүнө албаса Конья Диярбакыдан, Бурса Хаккариден, Стамбул Шанлыурфадан же Вандан бөлүнө албайт. Бир абанын, бир атмосферанын балдарыбыз. Кылымдардан бери бирдикте майрамды белгилеп, кылымдардан бери бир текбир менен майрамды майрамдаган улуттун калктары, кыяматка чейин да бирдикте бир туугандык ырларын ырдап, нияз жана дубалар менен бирге Кудайдан тынчтык, бир туугандык каалайбыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар