Террордук кол салуу

Хаккари жана Мардинде террордук кол салуу болду.

350370
Террордук кол салуу

Хаккари жана Мардинде террордук уюм ПККнын кол салуусунан 5 полиция шейит болуп, 3 полиция жараланды.
Кол салуулардын биринчиси Хаккари-Ван авто жолунда болду.
Террористтер тарабынан жолго жайгаштырылган колго жасалган жарылуучу зат, брондолгон полиция унаасы өтүп бара жаткан кезде жардырылды.
Окуяда унаадагы полиция кызматкерлеринен экөө шейит болуп, экөө жараланды.
Мардиндин Нусайбин районунда болсо террористтер тарабынан жолго жайгаштырылган жарылуучу зат, зооттолгон полиция унаасы өтүп баратканда жардырылды.
Кол салууда унаадагы бир комиссар менен полиция кызматкерлеринен экөө шейит болуп, бирөө жараланды.
Жараланган полициялар дарыланып жатышса, террористтерди кармаш үчүн аймакта операция башталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар