Түркия террордун бардык түрү менен күрөшөт

Түркия террор уюму ПКК жана ДЕАШ менен күрөшүүсүн улантат.

349064
Түркия террордун бардык түрү менен күрөшөт

НАТОнун аскердик комитетинин башкы штабдар конференциясы Стамбулда өттү.
НАТОнун аскердик комитетинин төрагасы, армия генералы Питер Павел менен Түркиянын Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, конференция аяктаган соң массалык маалымат каражаттарына брифинг берди.
Армия генералы Хулуси Акар конференция убагында, Түркиянын террор менен болгон күрөшүүсүнө НАТОнун колдоо көрсөтүүсү дагы бир жолу баса белгиленгенин айтты.
Түркиянын бүткүл террордук уюмдарга каршы күрөшүүсүнүн мурда болгонундай эле учурда да улана турганын баса белгилеген Акар: «Эң башынан бери ар түрдүү террордук уюмдар менен чечкиндүү түрдө күрөшүүдөбүз. Ким экенинен жана эмне кылгандарынан көз карандысыз түрдө ошондой эле күрөштү ДЕАШ менен да улантуудабыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар