Эрдоган Маттео Рензи менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эрдоган Рензиге террорго каршы операциялар тууралуу маалымат берди

387589
Эрдоган Маттео Рензи менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Италиянын премьер – министри Маттео Рензи менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик булактарынан алынган маалыматка караганда Эрдоган Рензиге Түркиянын террор менен күрөшүүнүн алкагында жүргүзгөн операциялар тууралуу маалымат берди.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиянын ДЕАШ, ПКК, ДХКП- Жге каршы күрөштүн улуттук жана эл аралык укуктун алкагында жүргүзүлгөнүн да баса белгиледи.
Кээ бир Европа өлкөлөрүндөгү ПКК террордук уюмунун Түркиянын тынчын алганын белгилеген Эрдоган союздаш өлкөлөрдөн терроризм менен күрөшү туурлуу дагы сезимталдуу мамиле кылууларын күтүшкөндөрүн да белгиледи. Италиянын премьер – министри Маттео Резни да Түркиядагы террордук кол салууларда каза болгондор үчүн көңүл айтты. Сүйлөшүүдө Рензи террор менен күрөшүү тууралуу Италиянын Түркиянын жанында экендерин белгиледи. Эки лидердин сүйлөшүүсүндө айрыкча сириялыктар башта болуу менен качкындардын трагедиясына да токтолду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар