Түрк кеңешинин 5 - саммити Астанада өткөрүлүүдө

Күн тартибинен информация жана медиа кызмтташтыгы орун алды

344216
Түрк кеңешинин 5 - саммити Астанада өткөрүлүүдө

Түрк тилдүү өлкөлөр саммитинин бешинчиси Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлүүдө. Саммитке Түркиядан парламенттин спикери Исмет Йылмаз менен тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу катышууда.
«Түрк кеңеши» деп билинген саммиттин кечээки биринчи күнүндө мүчө өлкөлөр Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери жолугушту. Күн тартибинен информация жана медиа кызмтташтыгы орун алды.
Тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу саммитте жолугушкан кесиптештерине биргелешкен телекөрсөтүү курууну сунуш кылды. Синирлиоглу ТРТнын тажрыйбаларынан пайдаланыла аларын айтты.
Синирлиоглу кесиптештерине Крым татарларынын укуктарын коргоо үчүн бирдикте кыймыл кылуу жана террор менен күрөшүүдө биргеликте кадам таштоого чакырды.

*** Феридун Синирлиоглу кесиптештери менен жекеме – жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
*** Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич да түрк дүйнөсүнүн орток тарых китебинин даярдалганын, орток география жана орток адабият китептери тууралуу да иштелип жатканын айтты.
*** Түрк тилдүү өлкөлөр саммитинин алтынчысы «жаштык» темасы менен Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар