Түркия эл аралык билим берүүдө ылайыктуу борбор

Бул жылы Түркия стипендияларына 182 өлкөдөн кайрылуу болду

344087
Түркия  эл аралык билим берүүдө ылайыктуу борбор

Түркияда жогорку билим алууну каалагандар үчүн Түркия стипендияларына кайрылган чет элдиктердин саны өткөн жылга караганда 89 пайызга өстү.
Өткөн жылы 176 өлкөдөн кайрылуу болгон стипендияга бул жылы 182 өлкөдөн кайрылуу болду. Кайрылгандардын саны 82 миңден 89 пайыздык өсүү менен 155 миңге жогорулады. Жогорку билим берүүдө глобалдык бир актер болуу жолуна кирген Түркия университет жана илимпоздордун саны жактан дүйнө менен конкуренцияга карай баратат.
Түркия стипендияларына кайрылуусу кабыл алынган чет элдик студенттерге медициналык тейлөөдөн, жашай турган жеринен баштап учак билетинен айлык стипендиясына чейин бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.
Стипендия алуу укугуна ээ болгондордун Түркияга биринчи жолу келиши жана акыркы жолу кайтып кеткенине чейин учак билеттери алынат.
Түркчө курс жана жашаган мамлекеттик жатканалардын акылары төлөнүүдө. Ар бир студентке программасына жараша айлык стипендия берилүүдө. Университет студенттери үчүн 600, магистр программасында окугандар үчүн 850, доктора үчүн 1миң 250, иликтөөчүлөр үчүн 2 миң 500 лира айлык стипендия берилүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар