Тунжелиде кол салуу

Полиция кызматкери жолду жапкан террордук уюм ПКК террористтери тарабынан кызынын жанында өлтүрүлдү

343499
Тунжелиде  кол салуу

Тунжелинин Пүлүмүр районунда кызы менен менчик унаасында бараткан полиция кызматкери жолду жапкан террордук уюм ПКК террористтери тарабынан кызынын жанында өлтүрүлдү. Кызынын ден соолугунун жакшы экени билдирилди.
Тунжели – Эрзинжан кургактык жолунда жол тоскон бир группа террорист тарабынан атылган ок менен оор жараланган полиция кызматкери жаткырылган ооруканада каза болду.
Аалынган маалыматка караганда менчик унаасы менен Эрзинжандан Тунжелиге бараткан полиция кызматкери Тунжели - Эрзинжан кургак жолунун Загге айылында жол тоскон жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан токтотулууга аракет кылынды. Полиция токтобостон жолун улантуусу менен террористтер узун стволдуу куралдар менен унаанын артынан ок атты. Кол салууда оор жараланган полиция кызматкери тез жардам менен жаткырылган Тунжели мамлекеттик ооруканасында берилген жардамдарга карабастан куткарыла албады. Шейит полициянын кызынын кол салуудан жаракат албастан кутулганы билдирилди. Террордук кол салуудан кийин аймакта операция баштатылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар