Дүйнөлүк басма сөз террордук операциялар тууралуу

Немис «Der Spiegel» жана англис «Guardian» гезиттери да операцияда ПКК буталарынын атылганын жазды

376575
Дүйнөлүк басма сөз террордук операциялар тууралуу

Түрк согуштук учактары террордук уюм ПКК буталарын түнү менен аткылады. Абадан жүргүзүлгөн операцияда 23 бутанын атылганы билдирилди. Операция дүйнөлүк басма сөзүнүн да күн тартибинде.
Англис медиа мекемеси ББСи премьер – министр Ахмет Давутоглунун : «Тоолор террористтерден тазаланат»,- деген сөздөрүнө орун берди. Кабарда террордук уюм ПКК буталары атылган операция тууралуу кенен маалымат берилди.
Франциядан «Le Monde» гезити президент Эрдогандын : «Улуттун келечегин террористтерге бербейбиз»,- деген билдирүүсүнө орун берди. «Le Figaro» да кабар жарыяланган сааттарда бомбалоонун улантылып жатканын жазган.
Немис «Der Spiegel» жана англис «Guardian» гезиттери да операцияда ПКК буталарынын атылганын жазды. Террор уюму ПККга карата абадан жүргүзүлгөн операция Грециянын негизги гезиттеринен «To Vimaдан» да орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар