Анкарада коопсуздук жыйналышы өттү

Президенттик комплексте Даглыжадагы террордук кол салуудан кийин коопсуздук жыйыны өттү.

376097
Анкарада коопсуздук жыйналышы өттү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Коопсуздук жыйналышы өткөрүлдү.
Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка ылайык, Президенттик комплексте Даглыжадагы террордук кол салуудан кийин коопсуздук жыйыны өттү.
Президент Эрдогандын жетекчилигинде саат 20:30да башталган жыйналыш орто эсеп менен 1саат 15 мүнөткө созулду.
Жыйналышка Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Исмет Йылмаз, премьер-министр Ахмет Давутоглу, башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, адилет министри Кенан Ипек, ички иштер министри Селами Алтынок, улуттук коргоо министри Вежди Гөнүл, жандармерия башкы командири, армия генералы Галип Менди, улуттук чалгындоо уюмунун жетекчиси Хакан Фидан жана коопсуздук башкы директору Желалеттин Лекесиз жана тийиштүү жогорку деңгээлдеги кызматкерлер катышышты.
Жыйналышта террор уюму менен күрөшүүдө таштала турган кадамдар талкууланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар