Президенттин террорго каршы жарыясы

Президент Режеп Таййип Эрдоган Даглыжа кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндө жарыя салды.

375597
Президенттин террорго каршы жарыясы

Эрдогандын жарыясында Хаккаринин Йүксекова районунун Даглыжа аймагында аскерлердин шейит болгонуна жана жараланууларына себеп болгон жырткычтай кол салууну катуу айыптады.
Бөлүүчү террор уюмунун мыкаачылык кол салуусунда шейит болгон коопсуздук күчтөрүнүн улутту кайгыга салганын баса белгилеген Эрдоган: «Улутубуздун биримдик жана ынтымагына, туугандык жана келечегибизге кастык кылган ушундай кол салуулар эч качан максатына жете албайт»-деди.
Президент сөзүндө буларга да орун берди: «Өлкөбүздүн тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулугун бузууну максаттаган ушундай кол салууларга каршы азиз улутубуздун биримдик жана ынтымак менен чечкиндүү тура аларына ишенемин. Даглыжадагы аесуз кол салууга дагы бир жолу наалат айтып, азиз шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болушун, үй-бүлөлөрүнүн, улутубуздун жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн кайраттуу болушун тилеймин. Жаралууларбыздын тез сакайып кетишин каалаймын».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар