Тышкы иштер министри Синирлиоглу Люксембургда

Синирлиоглу кесиптештери менен жолугушту

374757
Тышкы иштер министри Синирлиоглу Люксембургда

Тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин расмий болбогон жыйыны үчүн Люксембургга барды.
Синирлиоглу жыйындын биринчи күнүндө Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Фредерика Могерини башта болуп европалык кесиптештери менен жолугушту. Синирлиоглу үй ээси Люксембургдун тышкы иштер, Европа, миграция жана качкындар министри Жан Ассельборн менен жекеме жеке сүйлөшүүсүндө Армян жалааларынын себебинен начарлаган карым – катнаштардан сөз кылды.
«Түркия НАТО башта болуу менен эл аралык көптөгөн тармакта биздин союздашыбыз», - деген Ассельборн парламентте чечимдери менен эч бир өлкөгө «геноцид» кылмышынын жүктөлө албай турганын айтты.
Түркия менен Армениянын 2009 - жылдагы макулдашуусу боюнча өткөн күндөргө тарыхчылардын жардамчы болуулары керектигин белгилеген Ассельборн : «Эки тараптуу карым – катнаштардын дагы да өнүгүүсү үчүн Түркия элчисинин эртерээк Люксембургдагы кызматына кайтып келүүсүн каалайбыз»,- деди. Министр Синирлиоглу айрыкча Бельгиянын тышкы иштер министри Дидиер Рейндерс менен да жолугушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар