The Guardianдын Стамбул кабары

Гезитте мурунку курулуштардын галерея жана ресторан катары колдонула баштаганына орун берилген

374609
The Guardianдын Стамбул кабары

Фатихтин тарыхый Фенер жана Балат райондору Англиянын белгилүү гезити The Guardianга тема болду. Гезитте «Стамбулдун жаңы жаратуучу борбору осмондуктун издерин сактап келет» деген темада жарыяланган макалада Тарыхый жарым аралда маданий түрдүүлүгү менен көңүлдөрдү бурган Фенер жана Балаттын шаардын көзгө көрүнүктүү аймактарынын бири экенин, мурунку курулуштардын галерея жана ресторан катары колдонула баштаганына орун берилген.
Макалада эки район үчүн «долбор аймагы» деген сөз колдонулуп акыркы мезгилдеги позитивдик өзгөрүүгө токтолгон. Рестоврацияланган тарыхый имараттардын эми галерея, ресторан жана ателье катары колдонулганы баса белгиленген макалада райондун мурунку жашоочулары менен бирге өнөрпоздор жана долбоорчулардын да аймакка кайтып келгени белгиленди. The Guardianдагы макалага байланыштуу баа берген Фатих муниципалитетинин төрагасы Мустафа Демир тарыхый жарым аралдын көптөгөн жылдардан кийин өткөн күндөгү баасына кайрадан жетишүүсү жана мунун Түркия тышына чыгуусунун кубантуучу нерсе экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар