Бүгүн 30-Август Жеңиш Майрамы

Жеңиш майрамы ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленип жатат.

371705
Бүгүн 30-Август Жеңиш Майрамы

Түркияда Бүгүн 30-Август Жеңиш Майрамы...
Өлкөнүн душман басып алуусунан куткарылганынын 93 жылдыгы.
Жеңиш Майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрү күнүнөн улам өлкөдө, Түндүк Кипр Түрк Республикасында жана тышкы өкүлчүлүктөрдө иш-чаралар уюштурулууда.
Алгачкы иш-чара борбор шаар Анкарада мамлекеттин жетекчилиги, саясий партиялардын өкүлдөрү жана күч командирлеринин Аныткабырга зыяраты менен башталды.
Иш-чарага катышкан президент Эрдоганга Аныткабырга келгенде жана бул жерден чыкканда атуулдар алкыш айтышып, сүйүүсүн билдиришти.
Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглу 30-Август Жеңиш Майрамы боюнча билдирүүлөрүн жарыялашты.
Билдирүүсүндө күчөгөн террор окуяларына жана параллель мамлекеттик түзүлүштөргө токтолгон Эрдоган: «Миң жылдан бери бул аймакта канчалаган душмандарды жеңип алып, канчалаган шайкаларды кулаткан азиз улутбуздун, албетте бөлүүчү террор уюмун да анын кошоматчысына айланган параллель мамлекеттик уюмдашууларды да жеңип чыгат»-деп айтты.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу да Түркияны жаман ойлор, зомбулук жана террор менен күчтөн тайдырууга аракет кылган күч чөйрөлөрүнүн максаттарына эч качан жете албай турганын айтты.
Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Уулттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели да өз жарыяларында улутту ынтымак жана тынчтыкка чакырышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар