Түркия кайрадан шайлоого бара жатат...

Президент Эрдоган убактылуу Министрлер кеңешинин түзүлүүсү үчүн Давутоглун милдеттендирмекчи.

369005
Түркия кайрадан шайлоого бара жатат...

Президент Режеп Таййип Эрдоган 7-июнь шайлоосунан кийин өкмөт курала албаганы үчүн 45 күндүк мыйзам мөөнөтү аяктаары менен парламент төрагасы Исмет Йылмазды кабыл алды.
Жолугушуудан кийинки жазуу түрүндөгү жарыяда, президент Эрдогандын шайлоонун жаңылануусу чечимин чыгарганы билдирилди. Токтом расмий гезитте жарыяланды.
Президент Эрдоган бүгүн премьер-министр Ахмет Давутоглун саат 11:00де кабыл алат. Шайлоонун кайра өткөрүлүшүнө токтом чыккандан кийин боло турган процесс да тактала баштады.
Шайлоонун жаңылануусу токтому чыгарылган күндөн кийинки 90-күндү улай келген алгачкы жекшемби күнү болсо шайлоонун өткөрүлүшү керек.
Жогорку шайлоо кеңеши бул мөөнөттү 60 күндө бүтүрүүнү пландап жатат. Президент Эрдоган убактылуу Министрлер кеңешинин түзүлүүсү үчүн милдеттендирүү кылат. Адилет, ички иштер жана транспорт министрлери көз карандысыздардан дайындалат.
Убактылуу министрлер кеңешинин берки мүчөлөрү үчүн саясий партиялардын фракцияларынын санына жараша талапкерлер алынат. Эгер саясий партиялар Министрлер кеңешине мүчө бербесе, ал министрликтер үчүн да көз карандысыз талапкерлер белгиленет.
Шайлоону кайра өткөрүү токтомунун расмий гезитте жарыясынан баштап 5 күндүн ичинде куралган Убактылуу министрлер кеңеши үчүн ишеним добушуна кайрылуунун кажети жок.
Ушундайча түрк саясий тарыхында алгач ирет убактылуу министрлер кеңеши менен шайлоого барылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар