Түндүк Сирияга жакында операция башталат

Мевлүт Чавушоглу террор уюму ДЕАШка каршы кеңири масштабдуу операциялардын жакында баштала турганын билдирди.

369304
Түндүк Сирияга жакында операция башталат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу террор уюму ДЕАШка каршы кеңири масштабдуу операциялардын жакында баштала турганын белгилеп өттү...
"Ройтерс" маалымат агенттигине маалымат берген Мевлүт Чавушоглу, террор уюму ДЕАШ террористтеринин Түндүк Сирияда Түркия чек арасына жакын аймактан тазаланышы үчүн абадан операциялар баштала турганын айтты.
Чавуштоглу Сириянын түндүгүндө ДЕАШтан тазалана турган аймакта PYDнын орду жок экенин айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу "Ройтерс" маалымат агенттигине күн тартиптеги темаларды талкуулады.
Чавушоглу ДЕАШ террористтеринин Сириянын түндүгүнөн, Түркия чек арасына жакын аймактан тазаланышы үчүн абадан операциялар баштала турганын айтты.
Пландын кеңириси темасында Вашингтон жана Анкаранын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жекшемби күнү бүтүрүлгөнүн белгилеген Чавушоглу, Англия жана Франция менен катар аймактык шериктештер Сауд Арабия, Катар жана Иордания да операцияларга катыша турганын сөз кылды.
Чавушоглу ДЕАШтан тазалана турган аймакка жөнөкөй оппозициячылдардын жайгаштырыла турганын белгиледи. Сириянын түндүгүндө орун алган PYDнын саясатын алмаштырышы керектигин баса белгиледи.
Чавушоглу, «PYD, Сириянын жеринин бүтүндүгү же саясий биримдиги үчүн кармашкан жери жок, тек гана өлкөнүн белгилүү бөлүмү үчүн алп урушууда. Бул кабыл алынгыс. PYDнын ичинде ПКК да активдүү. PYD саясаттарын өзгөртүшү керек»-деди.
Чавуоглу жүргүзүлө турган операциялардын, сүйлөшүү үстөлүнө келиши жана Сириядагы согушка саясий чечим табылышы үчүн Сириянын лидери Башар Асадга маалымат жибере турганын жана режимге каршы кысым пайда кылына турганын баса белгиледи.
Ирандын атомдук келишимден кийин батыш менен карым-катнаштарын нормалдаштыруусун Түркиянын ыраазычылык менен кабыл алганын белгилеген Чавушоглу, а бирок Ирандын Сирия, Ирак жана Йемен сыяктуу аймактык кризистердин чечилишинде эми конструктивдүү ролду милдеттениши керектигин баса белгиледи.
Чавушоглу, ПКК террор уюмуна каршы жүргүзүлгөн операциялардын алар куралдарын таштаганга чейин улана турганын да кошумчалады.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар