Мыйзамсыз көчкөндөр кармалууда

Чанаккале жана Эдирне облустарында 362 мыйзамсыз жол менен көчкөндөр кармалды.

330599
Мыйзамсыз көчкөндөр кармалууда

Түркиянын Чанаккале жана Эдирне облустарында 362 мыйзамсыз жол менен көчкөндөр кармалды.
Чанаккаленин Айважык районунун жакынында, мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган 327 баш калкалоочу кармалды.
Жээк коопсуздугу топторунун текшерүүлөрүндө, үйлөмө кайыктар менен Мидиллини көздөй бара жаткан Сирия жана Ооганстан тектүү качкындар белгиленди.
Бадемли айылы менен Сивриже жана Кадырга булуңдарында 327 качкын көчмөн кармалды.
Эдирненин Кешан районунда да мыйзамсыз жолдор менен чет өлкөгө чыгууга аракет кылган Ооганстан тектүү 35 киши кармалды. Кешан-Гелиболу автожолунда жол текшерүүсүн кылган Коопсуздук директорлугунун топтору бир микроавтобусту токтоткон.
Микроавтобустагы текшерүүдө 5и бала 8и аялдан турган 35 ооган тектүү көчмөн кармалган.
Качкын көчмөндөр өлкөдөн чыгарлышы үчүн Коопсуздук директордугунун чет элдиктер кеңсесине жөнөтүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар