Эгейде 2 миң 791 киши куткарылды

Жылдын башынан бери Эгей деңизинде 33 миң 180 киши куткарылды

328383
Эгейде  2 миң 791 киши куткарылды

Жээк коопсуздук командирлигинин топтору тарабынан Эгей деңизинде 5 күндө 2 миң 791 киши куткарылды. Измир губернаторлугунан жасалган маалыматка караганда Грецияга көчүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттарга карата Измир, Айдын, Балыкесир, Чанаккале жана Муглада 10 – 14 - августта 58 окуяга кийлигишүү болду. Кийлигишүүлөрдүн натыйжасында көпчүлүгү Сирия тектүү болгон 2 миң 791 киши куткарылды. Ошол эле учурда жылдын башынан бери Эгей деңизинде 33 миң 180 киши куткарылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар