Премьер - министрликтин кол салуу тууралуу билдирүүсү

Даглыжадагы кол салууга жооп берилди

315521
Премьер - министрликтин кол салуу тууралуу билдирүүсү

Хаккариде Кургак жер күчтөрүнүн командирлигинин Даглыжа база аймагына жасалган кол салуудан кийин учкан Ф – 16лар террористтер болгон аймактарды акылдуу ок – дары колдонуу менен жардырды.
Премьер – министрликтин координация борборунан алынган маалыматка караганда жикчил террордук уюмдун мүчөсү болгон бир группа терроист эки жолу Даглыжа база аймагына кол салды. Террористтердин ок атуусуна дароо жооп берилди. Болгон кол салууда кандайдыр чыгым болгон жок.
База аймагына миномет менен жасалган экинчи кол салууда октордун биринин Даглыжа айылынын ичине келип түшүүсү менен алты жаштагы бир кыз бала бутунан жараланды.
Йүксекова мамлекттик ооруканасына жаткырылган кыздын ден солугунун жакшы экени билдирилди. Миномет менен кол сауулар жана кыз баланын жаралануусунан кийин түрк аба күчтөрүнө таандык Ф - 16лар учурулуп террористтер болгон аймактар акылдуу ок – дарылар менен жардырылды.
Шемдинли жана Чукуржада аныкталган буталарга да абадан ок аткан учактар ишин ийгиликтүү аяктап базаларына кайтып келишти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар