Катар Түркияга колдоо берүүдө

Түркиянын террор менен күрөшүнө бир колдоо да Катардан келди

316751
Катар Түркияга колдоо берүүдө

Катардын тышкы иштер министрлиги Түркиянын террордук уюм ПКК жана ДЕАШка карата операцияларына толугу менен колдоо бергени билдирилди. Доха башкаруусу Араб лигасынын баш катчысы Небил ел Арабинин Түркияны Ирактын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө чакырган жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө да каршы чыкты. Катардын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Билдирүү мүчө өлкөлөр менен кеңешпестен, алардын көз караштарына кайрылбастан жарыяланды»,- деп айтылды. Маалыматта : «Катар чек арасын коргоо жана керектүү чараларды көрүүсү жагдайында Түркия менен толук кандуу тилектештик ичинде экени тууралуу көз карашын улантууда»,- деп айтылды. Түркиянын акыркы жумаларда Ирак жана Сириядагы террордук уяларына жасаган операцияларга АКШ жана Европа Биримдиги да колдоосун билдирген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар