Агры жана Мардинде жарылуулар болду

Кылмышкерлердин кармалышы үчүн кеңири масштабдуу операциялар башталды.

311591
Агры жана Мардинде жарылуулар болду

Агрынын Догубейазыт районунда ПКК террор уюму тарабынан жандармериянын коопсуздук жайына жарылуучу зат жүктөлгөн трактор менен жан кечтилик кол салуу болуп, алгачкы белгилөөлөргө каранда кеминде 2 аскер каза таап, 4ү оор 31 аскер жарадар болду.
Кол салуу таңга маал саат 3 чамаларында 2 тонна жарылуучу зат жүктөлгөн тарктор менен жасалган.
Башкы штаб төрагалыгы жардырууну катуу айыптады.
Башкы штабдын расмий интернет барагында, «Адамзаттыктан насибин ала албаган жан кечтилер тарабынан аесуз жана мыкаачылык менен жасалган кол салууну катуу айыптайбыз» делди.
Мардиндин Мидят районунда да Керкүк-Йумурталык мунай зат сызыгынын коопсуздугун камсыздаган аскерлер орун алган унаанын өтүү учурунда террор уюму ПКК тарабынан жолго көмүлгөн мина жарылды. Анда 1 аскер шейит болуп, 7 аскер жараланды.
Коопсуздук күчтөрү кол салгычтардын кармалышы үчүн кеңири масштабдуу операция баштады.
Буга кошумча, Мардин губернаторлугунун жарыясында «Мыкаачылык менен болгон кол салууну кылган террористтердин кармалышы жана элибиздин тынчтыгы менен коопсуздугунун камсыздалышына карай эмгектенүүбүз тынымсыз уланат» деген сөздөр орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар