Террор менен күрөшүү боюнча жыйын өттү

Түркия террор менен күрөшүүсүн чечкиндүүлүк менен улантууда.

307496
Террор менен күрөшүү боюнча жыйын өттү

ДЕАШ, ПКК жана DHKP-Cга карай 3 өлчөмдүү түрдө өлкө ичинде жана тышында операциялар жүргүзүлүүдө.
Премьер-министрликте түзүлгөн координация борбору иштерин кечээ да улантып жатканда, атайын коопсуздук жыйналышынын үчүнчүсү өткөрүлдү.
Премьер-министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде 3 саатка созулган жыйналышка байланыштуу министрлер, башкы штаб төрагасы, армия генералы Неждет Өзел, күч командирлери менен улуттук чалгындоо кызматынын төрагасы Хакан Фидан жана тийиштүү кызматкерлер катышышты.
Жыйналышта ДЕАШ жана ПККга карай абадан жүргүзүлгөн операциялар, террор уюмунун чыгымы жана мындан ары таштала турган кадамдар талкууга алынды.
Өлкө ичиндеги операциялар жана жүргүзүлгөн териштирүүлөр да күн тартипте болчу.
Жыйналышта террордук кол салууларга каршы көрүлө турган чара көрүүлөр талкууланды.
Чек арада курулган «физикалык коргонуу системасында» келип жеткен жер да каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар