Түркия бүгүн түнү абдан кыймылдуу саатарды жашады

Ахмет Давтуоглу Чанкая сарайында экинчи жолу Атайын Коопсуздук жыйынын өткөрдү

347167
Түркия бүгүн түнү абдан кыймылдуу саатарды жашады

Бардык көңүлдөр түштүк батыштан учкан реактивдерге жана Анкарадан чыга турган орчундуу чечимге бурулду. Экинчи толкун операция башталып Анкарада сүйлөшүүлөр ылдамдады. Операцияны расмий турак жайынан иликтеген премьер – министр Ахмет Давтуоглу чек арадагы кыймылдуулуктун күч алуусу менен 1 күндөн кийин Чанкая сарайында экинчи жолу Атайын Коопсуздук жыйынын өткөрдү. «Кеңейтилген атайын коопсуздук жыйынынан» операцияны улантуу чечими чыкты. Мурунку жыйындарда орун албаган транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Феридун Билгин менен энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз да бул орчундуу жыйынга катышты.
Орчундуу жыйын саат 2. 20да башталды жана бир саат он минутага созулду. Жыйында эмнелердин сөз болгону болсо премьер – министрлик булактарынан берилген маалыматтар менен такталды. Маалыматта жыйындын негизги элементи аба күчтөрүнүн командири армиянын генералы Акын Өзтүкртүн доклады болду. Премьер – министрге аба операциясынын акыркы абалы тууралуу маалымат берилип, алдыбыздагы процесс үчүн жол картасы белгиленди. Жыйындан чыккан эң негизги чечим болсо операцияны улантуу чечими болду. Маалыматта айрыкча Сирияда 3 ДЕАШ бутасынын пулеметтор менен атылганы билдирилди. Абадан жүргүзүлгөн операцияга кургактыктан да жардам берилүүдө.
ДЕАШка карата жүргүзүлгөн операцияга эл аралык коалиция да жардам берип жатабы деген суроого да жооп берилди. Операциянын Түрк куралдуу күчтөрүнүн улуттук мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрү менен ишке ашканы баса белгиленди. Премьер – министр Давтуоглу жыйындан кийин Кургак жер күчтөрүнүн командири жана Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси менен да өзүнчө сүйлөштү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар