Түрк Ф – 16лары ДЕАШ бутасын аткылады

Ф – 16 согуштук учактары ДЕАШтын мурунтадан белгиленген буталарына операция жүргүздү

384676
Түрк Ф – 16лары ДЕАШ бутасын аткылады

Түрк Куралдуу Күчтөрүнө таандык Ф – 16 согуштук учактары ДЕАШтын мурунтадан белгиленген буталарына операция жүргүздү.
Премьер – министрликтин координация борборунан берилген маалыматта Диярбакырдан учкан 3 Ф – 16 учагынын террордук уюмуна таандык 2 штаб жана бир чогулуучу жерди бомбалаганы жана базаларына кайтып келгени белгиленди. Маалыматта ДЕАШ террордук уюмуна таандык Сирия чек араларынын ичиндеги буталарга карата операция чечимин Атайын Коопсуздук жыйынында чыгарганы билдирилди. Маалыматта : «Түркия республикасы улуттук коопсуздукту сактоо үчүн керектүү чараларды көрүүдө чечкиндүү»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар