Шенол Гөка казак делегациясы менен жолугушту

Эржан Бабакумаровдун жетекчилигиндеги 7 кишилик делегация ТРТда жолугушууларды өткөрдү

381102
Шенол Гөка казак делегациясы менен жолугушту

Казакстан президенттигинин Борбордук маалымат берүү мекемесинин төрагасы Эржан Бабакумаровдун жетекчилигиндеги 7 кишилик делегация ТРТда жолугушууларды өткөрдү.
ТРТнын баш директору Шенол Гөка делегация менен кызмат орундугунда жолугушту. Бабакумаров жолугушууда инвестицияларды тартуу, өлкөнүн имиджин жогорулатуу жана туризм үчүн улуттук марка түзүүнү каалашкандарын белгиледи. Ушул мааниде ТРТнын сунушун угуу үчүн келишкендерин айткан Бабакумаров : «Түркия биз үчүн стратегиялык өнөктөш»,- деди.
ТРТнын баш директору Шенол Гөка болсо ТРТнын Казакстанда эки жаңы бюронун ачыларын эске салды. Гөка Казакстан менен маанилүү протоколдордун бар экенин, азыркы кызматташтыкты да өнүктүрөрүн айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар