Катардын эмири бүгүн Түркияга келет

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Сирия, Ирак, Йемен, Ливия сыяктуу аймактык маселелер каралат.

379794
Катардын эмири бүгүн Түркияга келет

Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани президент Режеп Таййип Эрдогандын коногу катары бүгүн кечинде Түркияга келет.
Президент Эрдоган менен Катардын эмиринин ортосунда кечки убактарда Стамбулда сүйлөшүү өткөрүлөт.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Сирия, Ирак, Йемен, Ливия сыяктуу аймактык маселелер каралат.
Бул сапар аркылуу Түркия менен Катардын ортосундагы стратегиялык кызматташтык өнүктүрүлсө, эки өлкөнүн ортосундагы баланыштардын дагы да күчтөндүрүлүүсү камсыздалат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар