Түркия эзилген калктарга чоң жардам берүүдө

Эрдоган: "Эзилген калктарга кучак жаюубузду улантабыз".

344828
Түркия эзилген калктарга чоң жардам берүүдө

Түркиянын 5 жылдын ичинде келген Ирак жана сириялыктарга карата каржыланган акча каражатынын көлөмү 6 миллирад доллардан ашты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөдөгү бардык эзилген калктардын жана жабыркагандардын үмүтүн жандыруучу өлкө болуунун жоопкерчилигин ийгиликтүү аткарып жаткандарын айтты.
Эзилген элдерге кучак жаюусун уланта тургандарын баса белгилеген Эрдоган, «Түркия буларды аткарып жатканда ата-бабасынан илхам жана сабак алып иштөөдө»-деди.
Түркиянын баш калкалоочуларга карата сезимталдыгы бүткүл дүйнөнүн мактоосуна арзыганын баса белгилеген Эрдоган, Түркияга келген Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Антонио Гутеррестин Мидяттагы иптарда сүйлөгөн сөзүндө, «мен өзүмөн уялуудамын. Анткени дүйнөдө бул лагерге окшогон лагер көргөн жокмун. Барган жерлеримдеги эч бир лагерди буга салыштырып болбойт» дегенин эске салды.
Президент Эрдоган Түркияга баш калкалагандардын тамак-ашы, кийим кечеси, ден-соолугу, окуусу сыяктуу ар түрдүү муктаждыктарын камсыздагандарын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар