Президент Эрдоган Босния - Герцеговина тууралуу билдирүү жасады

Босния - Герцеговина окуялары унутулбайт

378805
Президент Эрдоган Босния - Герцеговина тууралуу билдирүү жасады

Урматтуу Босния-Герцеговиналык туугандарым, айымдар, мырзалар сиздерге чын дилден салам айтып, ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бүгүн адамзаттык тарыхынын эң коркунучтуу окуяларынан бири болгон Сребреница кыргынынын 20 жылдыгын белгилеп жатабыз. Мындан 20 жыл мурда Босния-Герцеговинадан Түркияга жана бүткүл дүйнөгө жайылган маалыматтардын себебинен айтып түшүндүрүлгүс кайгыларды тарттык. Ошол күнү сиздер тарткан кыйынчылыктарды биз да алыстан жүрөгүбүздө сездик. Кайгыларыңыздарды бираз да болсо жеңилдетүү, чыгымдарыңыздардын ордун толтуруу, адамзаттык жоопкерчилигибизди орундатуу үчүн ошо күндөрдө Түркиянын кандай аракет кылганын жакшы билемин. Учурда болуп өткөн окуяларды унутпастан тарыхтан сабак алып, ушуга окшогон трагедиялар болбой турган, тынчтык жана ынтымак өкүм сүргөн келечекти белгилөөгө милдеттүүбүз.
Албетте айрым издер өчпөйт. Айрым кайгылар оңдолбойт. Жоготулган жаш ымыркайлар кайра кайтып келбейт. А бирок биз колдошууну, бөлүшүүнү жана чогуу жашоону туу чокуга чыгарган түшүнүк менен келечекти карап, үмүттү жандырышыбыз керек. Босния-Герцеговинанын акыркы 20 жылда калыбына келиши, кыргындын жооптууларын жоопко тартуу темасында абдан маанилүү жолду басып өткөнүн көрүүдөмүн. Бул процесске салым кошкон бардык саясатчыларга, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, даанышман адамдарга, жабыркагандарга жана алардын жакындарына чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Бул жерде болгон кыйынчылыктардын дүйнөнүн башка жеринде жана кайрадан болушун каалабаймын. Каалообуз жана дубабыз бүгүн Сириянын, Ирактын, Йемендин, Палестинанын, Египеттин, Ливиянын, Афганстандын, Сомалинин, Африканын балдары жашаган трагедиялардын соңуна чыгуусу. Биз жээкте батберек учуруп, энесинин кучагында уктаган, достору менен оюн ойногон балдар өлтүрүлбөгөн дүйнөнүн кыялын курабыз. Эч шексиз бул жерде БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр менен эл аралык жана аймактык күчтөргө абдан чоң жоопкерчилик түшүүдө. Түркия катары Босния – Герцеговина баштаган бардык Балкан өлкөлөрүндө ырааттуулук жана ишенимдин эгемен болушу үчүн ушул күнгө чейин аракет кылдык. Буюрса мындан кийин да колубуздан келген жардамды берүүнү улантабыз. Сөзүмдү аяктап жатып кыргында каза болгон бардык шейиттерди дагы бир жолу эскерип, үй - бүлөлөрүнө жана босния – герцеговиналык боордошторубузга көңүл айтабыз. Биз бул кайгыны тең бөлүшүп эскерген аземге катышкан баарына рахмат айтамын. Эртеңки күндүн, өткөн күндөн жана бүгүнкү күндөн дагы жакшы болоруна карата ишеничимди кайталап жатып, сиздерге болгон урмат – сыйымды билдирем.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар