Дүйнө балдары Мармаристе

13 башка өлкөдөн келген майып балдар Жер Ортолук деңиз жана Эгейде эркиндикке парус ачты

378834
Дүйнө балдары Мармаристе

Мугланын Мармарис районунда "Kids For Freedom" башкача айтканда «Балдар үчүн эркиндик» проектисинин негизинде 13 башка өлкөдөн келген майып балдар Жер Ортолук деңиз жана Эгейде эркиндикке парус ачты.
Бернард Блаха жана уулу Армин тарабынан долбоорлонуп, өлкө тышындагы ишкерлер жана Мармаристе муниципалитет менен жергиликтүү ишканалардын жардамы менен ишке ашкан проектинин негизинде жакыр, жетим жана майып балдар бул жылы 13 - жолу Мармаристе конок болду.
Бир жумага созула турган иш чарага Түркия, Германия, Австрия, Румыния, Венгрия, Орусия, Казакстан, Ирак, Албания, Венесуэла, Мексика, Франция жана Украинадан 12 – 17 жаштардагы 70 бала жана 45 байкоочу катышты. Парустуу кеме менен Жер Ортолук деңиз жана Эгейдин көгүлтүр сууларына чыккан балдарга парустар тууралуу сабак берилди.
Мармарис булуңунда 2 саат кыдырып, кемелеринде ырларды ырдашып бийлеген балдардын абдан бактылуу болгону байкалды. Проекти тууралуу журналисттерге маалымат берген Армин Блаха эс алуу мүмкүнчүлүгү берилген балдардын жалпысынан жетимканалардан келгендиктен өткөн күндөрүнүн жок экенин белгилеп : «Бул балдарга нормалдуу турмуштун, проблемасыз турмуштун да бар экенин жана кандай улантууну көрсөтүүгө аракет кылуудабыз. Деңиздин саясында проблемаларынан кандайча алыс болушкандарын билүүлөрүн максат кылуудабыз»,- деди. "Kids For Freedomду"көптөгөн жылдардан бери жүргүзүүнү пландашкандарын айткан Блаха проекти менен 13 жылда 2 миңден ашуун баланы Мармариске алып келишкендерин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар