Түркия тамеки чегүү менен күрөшүүдө ийгиликтүү

Түркия тамеки тартуу менен күрөшүүдө ийгиликке жетишти...

336366
Түркия тамеки чегүү менен күрөшүүдө ийгиликтүү

Түркия, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюумунун тамеки тартуунун азайтылышы үчүн тамекинин текшерилиши темасында белгиленген түзөтүүлөрүн эң жогорку чекте аткарган 7 өлкөдөн бири болду.
Уюм, тамеки көзөмөлдөө боюнча мүчө болгон өлкөлөрдүн чара көрүү баасы “2015-жылда Дүйнөлүк табак эпидемиясы” аттуу жыйынтыгын жарыялады.
Тамеки чегүүнү азайтуунун жана тамекини таштоонун эң таасирдүү жана арзан ыкмасы катары табактардан алынган налогдун көбөйтүлүшү экендиги белгиленет. Бул жолго 33 өлкө гана кайрылгандыгы катталган.
Тамекиге байланыштуу оорулар калктын ден-соолугуна олуттуу коркунуч туудургандыгы, ар бир 6 секундда 1 киши, 1 жылда болжол менен 6 миллион киши тамеки тартуу себебинен жашоосу менен кош айтышкандыгы айтылат.
Керектүү чаралар колдонулбаса 2030-жылы 1 жылда болжол менен 8 миллион адам тамекиге байланыштуу оорулардын себебинен жашоосу менен кош айтышат деп эскертилди.
Табак колдонууда рак баш болгон жүрөк, диабет, хроникалык оорулар өңдүү инфекциялык эмес оорулар пайда болгондугу белгиленген отчетто, 2012-жылда 70 жаштан төмөн 16 миллион адамдын инфекциялык эмес оорулардын себебинен каза болгондугу айтылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар