Эфес ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди
Эфес Түркиядан тизмеге кирген 15-дүйнөлүк баалуулук болду.
333450
Диярбакырдын чептери, Хевсел бакчалары жана Эфес байыркы шаары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди.
Германиянын Бонн шаарында өткөрүлгөн Дүйнөлүк мурастар комитетинин кезектеги 39-жыйынында «Эфес» байыркы шаары да Диярбакыр чептери менен Хевсел бакчаларынан кийин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди.
Бул жыйынтык боюнча Эфес Түркиядан тизмеге кирген 15-дүйнөлүк баалуулук болду.
ЮНЕСКОнун бул чечими менен Диярбакырдын жана Эфес байыркы шаарынын туризм жагынан көңүлдөрдү дагы да бураары күтүлүүдө.