Түркия НАТОну деңиз миналарына каршы коргойт

Түркия бул кызматты Италиядан өткөрүп алды.

330219
Түркия НАТОну деңиз миналарына каршы коргойт


НАТОнун туруктуу миналарга каршы чара көрүүлөр боюнча экинчи тобунун кызматы бир жылдык мөөнөткө Түркияга өттү.
Италиядан өткөрүлүп алынган бул маанилүү кызмат үчүн Балыкесирдин Эрдек районунда тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Командирлик кызматын Түркия өткөрүп алган экинчи топ, НАТОнун Карадеңиз, Эгей, Жер Ортолук деңиз жана Түндүк деңизинде кызмат өтөгөн 4 элементтен бирин түзүүдө.
Топто TCG Барбарос фрегаты жана TCG Энез мина тазалоочу кемелер кызмат кылат.
Барбарос фрегаты командирликти көзөмөлдөө кемеси катары кызмат кыла турган топко башка НАТО өлкөлөрү да өз салымын кошушат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар