Түркия Кытайда зулумчулук астындагы уйгур түрктөрүнө ээ чыгууда

173 уйгур түркү оболу Стамбулга ал жерден да Кайсеридеги баш калкалоо борборуна алып келинди

327719
Түркия Кытайда зулумчулук астындагы уйгур түрктөрүнө ээ чыгууда

Кытайдан качкандан кийин 2014 - жылы март айында чек ара эрежелерин бузду деген шылтоо менен Таиландда камоого алынган аялдар жана балдардан турган 173 уйгур түркү оболу Стамбулга ал жерден да Кайсеридеги баш калкалоо борборуна алып келинди. Ушундайча Кайсериде Кытайдын зулумчулугунан качкан уйгур түрктөрүнүн саны миңге жетти.
Дүйнөлүк уйгур конгрессинин төрага орун басары жана Чыгыш Түркстан коомунун төрагасы Сейит Түмтүрк : «Бир туугандарыбыз эч кандай чыгымга учурабастан бүгүн Түркияга алып келинди. Бул тууралуу жоопкерчилик көрсөткөн түрк өкмөтүнө рахмат айтабыз»,- деди.
Кайсериге жашыруундук менен алып келинген чыгыш түркстандык тектештердин жашап жаткан жерлеринен көрүнүштөрдүн алынуусуна губернаторлук коопсуздук негиз менен уруксат бербей жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар